Ибраимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишине системдик бурулуштарды коюу зарылчылыгы айтылды





Чүй кең көчөсү менен Ибраимов көчөлөрүн унаа тыгындарынан арылтуу үчүн Ибраимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишине түндүктөн түштүккө жана түштүктөн түндүктү көздөй системдик бурулуштарды коюу керек. Бул тууралуу Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Ибраимов көчөсүн жаңылоо боюнча жеринен өткөргөн жыйын учурунда билдирди. Муну мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, калаа башчысы Капиталдык курулуш башкармалыгынын, "Мостдорстрой" курулуш компаниясынын жетекчилери жана Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
Айта кетсек, Ибраимов көчөсүнүн капиталдык курулушу ушул жылдын 20-апрелинде башталган. Мындан улам учурда оңдолуп жаткан көчө Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин бир тараптуу жабылган, ал эми экинчи тарабы унаалар үчүн кыйма-чийме жолго айланды.



1 |