super.kg logo

Кемин. "Ата Мекен" партиясынын депутаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга майыптык арабаларды белек кылышты

 
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко жана КРнын Социалдык өнүгүү министринин милдетин аткаруучу Кудайберген Базарбаев Кемин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган жарандарга жардам көрсөтүштү. Аталган башкармалыкта көп жыл бою каттоодо турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 7 жаран жаңы майыптык арабаларга ээ болду.   
Маалыматка ылайык, жаңы арабалар жакында эле чет өлкөдөн алынып келинген жана бардык акыркы техникалык стандарттарга толугу менен жооп берет.   
"Биздин Райондук жарандарды калыбына келтирүүчү борбордо көйгөйлөр көп. Алардын ичинен эң маанилүүсү - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды майыптык арабалар менен камсыздоо. Кезек боюнча майыптык арабаларды акыркы жолу декабрь айында алганбыз. Жардам сурап кайсы мекемелерге гана кайрылган жокпуз, бирок республикалык бюджетте ар дайым каражат жетишсиз. Эл өкүлдөрү бизге көңүл буруп, бизди колдоп жатканына абдан ыраазыбыз",- деди Кемин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова
Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосуна эл өкүлдөрүнүн аралашуусу абдан маанилүү. Себеби эл өкүлдөрүнүн колдоосу жаркын келечекке үмүт байлап, алар жалгыз эместигин далилдейт.  



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.04.2015. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майыптарга жардам бериптир ушундан да кыйкым издешет.Адам деги эмне болуп баратат. Озунун колунан бок келбейт колунан келгендер жасаса коро албайт. Кээ бироолор бар ушу озун энеси тороп койгонуна да нааразы болсо керек ушулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: