super.kg logo

Ош. Китеп окуу боюнча сынак жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталды

 

25-апрелде Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Китеп окуп, белек утуп ал” сынагында баш байгени шаардагы "Кыргыз-Түрк достугу" мектебинин 10-классынын окуучусу Кубатбек уулу Бекболот багындырып, ноутбук утуп алды.  

Аталган байшкармалыктан кабарлашкандай, 1-орунду №33-мектептин окуучусу ээлеп, букридердин ээси болду. 2-орунду №30-мектептин, 3-орунду №50-мектептин окуучулары багындырып, аларга белгилүү жазуучулар Чыңгыз Айтматовдун, Касымалы Жантөшевдин томдук китептери берилди. Жеңүүчүлөргө жана жигердүү катышкандарга дипломдор берилди. Сынакта окуучулар китепке байланыштуу берилген оозеки жана тесттик суроолорго жеринде жооп беришти. 

Сынак мектеп окуучуларын китеп окууга кызыктыруу максатында уюштурулду. Ага шаардагы ар бир мектептен тандалып алынган жалпы 150 окуучу катышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: