Ысык-Көлдө болуп өткөн курултайда мамлекетти бекемдөө демилгеси кабыргасынан коюлду




Фергана өрөөнүндө 15 миллиондон ашык эл жашайт. Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу курулса, Өзбекстандын, Ош,
Жалал-Абад облустарынын тургундары жаңы жол аркылуу 8 саатта Ысык-Көлгө келип эс алуу
мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ысык-Көл жаштары тарабынан уюштурулган курултайда
мамлекетти бекемдөө демилгеси кабыргасынан коюлду, ошол эле учурда кыргыз мамлекетинде туризмди өнүктүрүү боюнча маселе да каралды.
кошулду
"Ата
Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Түндүк-Түштүк
альтернативалык жолдун курулушу бүтсө, өлкөгө, Ысык-Көлгө туристтердин
келиши көбөйүп, ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди. "Президент Алмазбек
Атамбаевдин демилгеси менен Балыкчы – Жалал-Абад жолу курулуп жатат. Анын
уландысы Боом капчыгайы аркылуу Алматыга карай уланышы керек. Анткени бул
туристтердин санын эки эсеге көбөйтөт. Ал эми Фергана өрөөнүндө 15 миллиондон
ашык эл жашайт. Мындан улам Өзбекстандын, Ош, Жалал-Абад дубандарынын тургундары
жаңы жол аркылуу 8 саатта Ысык-Көлгө келип эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Натыйжада Ысык-Көлдүн экономикасы көтөрүлөт",- деди Ө.Текебаев.
Курултайда жаштар
мамлекеттик коопсуздук, билим берүү, жаштардын саясий маданиятын көтөрүү,
экономика, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган резолюция кабыл алышты.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
mamama

28.04.2015. 23:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайлоого даяардык
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.