Сотко жетпей калган миңге жакын кылмыш иши кезекте турат
Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбордун директору Толкун Бекбулатова


Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбордун директору Толкун Бекбулатова

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлеринин санын көбөйтүү керектигин айтышты.
Депутат Туратбек Мадылбековдун айтымында, аталган борбордун эксперттеринин санынын аздыгынан кылмыш иштери сотко жетпей, кезекте жылдар бою туруп калууда. "Мындан улам кылмыш иштеринин эскирүү мөөнөтү бүтүп, сотко жетпей калууда",- деди депутат.
Соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбордун директору Толкун Бекбулатованын айтымында, учурда кезекте соттук экспертизага түшкөн миңге жакын иш турат. "Мунун 30 пайызы жарандык иштер, калганы кылмыш иштери",- деди Бекбулатова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

