Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларын окутуу аяктады





КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Судьяларды окутуу борборунда экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу комплекстик окуу программасы боюнча биринчи топ үчүн курс аяктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бир жумалык мɵɵнɵттɵ жаза иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегияларынын 18 судьясы 40 сааттык курсту угушту. Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, сертификат тапшырылды. Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары (экинчи топ) үчүн комплекстик окуу программасы боюнча кийинки окутуу курсу быйыл 18-майда башталып, 22-майга чейин уланат.
Эскерте кетсек, мындай комплекстик окуу программасы 20-апрелде башталган жана ал биринчи жолу өткөрүлүүдө. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан турат. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзөт.

