УКМКнын СИЗОсунун жетекчилери кызматтан четтетилди
УКМКнын СИЗОсунун башчысы Мирбек Муканбетов жана УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматтан четтетилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти, бирок алардын эмне себептен кызматтан алынганы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Эске салсак, акыйкатчы Турсунбек Акун УКМКнын СИЗОсунда камакта отурган Нариман Түлеевди дарылоо үчүн аталган жетекчилер 50 миң доллар талап кылышканын, бул сунушка көнбөгөн Түлеев 15-февралдан бери ачкачылык кармап жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

