super.kg logo

Жалал-Абадда ар бир мекеме жетекчилери ардагерлерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүгө милдеттендирилген

 

Жалал-Абад шаарында 5124 согуш ардагеринен бүгүнкү күндө болгону 33ү калган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев ардагерлерге арналган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашык жоокер согушка кеткен, алардын ичинен 5124 жоокер кайтып келген. Былтыр алардын 43ү калса, быйыл согуштун 17 катышуучусу жана оорукта эмгектенген 16 ардагер калды.

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамын утурлай бир топ иш-чара бүтөр алдында турат. Шаардык мэриянын буйругу менен согуштун жана ооруктун катышуучуларына ар бир мекеме, ишканалардын жетекчилери материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүгө милдеттендирилген. Бекитилгенден сырткаркы шаардагы чоң-чоң мекеме-ишканалар да өздөрүнүн жардамдарын көрсөтүшүп, белек-бечкектери менен ардагерлерден кабар алып жатышат. Мектеп окуучулары согуштун ардагерлери менен жолугушуп, сый тамактар тартууланууда. 8-май күнү согуш ардагерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сый тамак уюштурулуп, “1941-1945-жылдарда Ата Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын!” аттуу марафондон түшкөн акча каражаты тапшырылат. Ал эми 9-май күнү өтө турган парадга баса албаган ардагерлерибиздин баарын алып келебиз”,- дейт Адиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: