Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт
28-29-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай үшүк жемиш бактарынын мөмөлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунучтуу. Ошондой эле 28-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.