super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Энергетика тармагынын туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылуу - мамлекеттин эң башкы милдети"

 
Энергетика тармагынын туруктуулугу жана өнүгүшү мамлекеттин эң башкы милдеттеринен болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди. 
Анын айтымында, электр кубатынын тартыштыгы жана энергетикалык инфраструктуранын чектелүү мүмкүнчүлүктөрү өлкөнү иш жүзүндө коңшу мамлекеттерге көз каранды кылып, сырттан кымбат энергия сатып алууга мажбурлады. "Өткөн кыш оңой болгон жок, энергетикадагы талуу жерлерибиз дагы бир жолу оркоюп көрүндү. Карапайым калктан "Толтура суубуз, ГЭСтерибиз туруп эмнеге электр тартыш?" деген суроо дайыма келип жатат. Бирок турмуш ордунда турган жок да. Экономикабыз тынбай өсүүдө, жаңы үйлөр, имараттар, өнөр жай ишканалары ишке берилип жатат, калкыбыздын да саны өсүп жатат, Кудайга шүгүр. Ошого жараша электр энергияны керектөө да тынымсыз өсүүдө. 2009-жылдан бери электр энергиясын керектөө 1,5 эсеге жогорулады. Анын үстүнө табигый шарттар да өзгөрүп турат экен: бир жылы суу мол болуп, башка жылы, тескерисинче, суу тартыш болушу мүмкүн",- деди өлкө башчы.
Мындан тышкары президент энергетика тармагын туура башкаруу зарыл экенин билдирди: "Ар тараптан терең талдоо, бир канча жылдарга божомолдорду түзүү керек, бирок бул системде андай мамиленин жоктугунан улам кабыл алган чечимдерибиз күнүмдүк маселелерди жоюу менен гана чектелүүдө. Ачык айтканда, тармакты башкаруунун азыркы системи энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жараксыздыгын көрсөттү".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: