Өлкөнүн энергетика тармагы жаш кадрларга муктаж
Өлкөнүн энергетика тармагы жаш, таланттуу кадрларга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Коргоо кеңешинин отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, жаштарды табигый илимдерге кызыктырууга мамлекет мектептер жана жогорку окуу жайлар менен иш жүргүзүшү керек. "Адистердин жетишпестигинен энергетикада учурдагы кырдаал орун алды. Кадрларды даярдоо системи жоктугунан бул тармак толук күчү менен иштей албай жатат. Бул маселени чечиш үчүн так чечимдерди кабыл алуу туура",- деди Турдубаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

