super.kg logo
  Саясат  

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө маалында чет өлкөгө качып кеткен адамдарга карата тергөө ишин улантуу сунушталды

 

28-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде козголгон кылмыш ишинин тергөө жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралды.  

Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, акыркы кезде кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай коюусу көбөйүп барат. "Улуттук мыйзамдарга ылайык, тергөө иши бүткөндөн кийин чет өлкөгө качып кеткен адамдарды сыртынан сот жоопкерчилигине тартуу чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген, ал эми тергөө маалында качып кеткен адамдарга карата андай талап жок",- дейт Абдиев.

Демилгечи ошондон улам кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай койгон адамдын адвокатынын катышуусунда тергөө амалдарын аягына чыгарып, ишти сотко өткөрүү сунушу берилип жатканын айтты. "Азыр чет өлкөгө качып кеткен көп адамдын тергөө иши токтотулуп турат. Кылмыш жасаган адам кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор аркылуу жаза жоопкерчилигинен сырткары калбашы керек",- деп кошумчалады ал.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорунун концепциясын жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: