super.kg logo
  Саясат  

Каттоо кызматы: Кыргыз Республикасында 30 миңден ашуун паспорт мыйзамсыз берилиши мүмкүн эмес

 

28-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде 2014-жылдан тартып 2015-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактылары тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы угулду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова Ички иштер министрлигинин "Кыргыз Республикасында 30 миңден ашуун паспорт мыйзамсыз берилген болушу мүмкүн" деген маалыматын төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, паспортторду берүү жүрүмү кайрадан ыраатташтырылууда. "Мынчалык мыйзамсыз паспорттун берлиши мүмкүн эмес. Текшерүү учурунда 235 миң жарандын паспортунда ката кетирилгени аныкталды. Анын ичинде 78 миң адамдын жеке далдаштыруу номуру туура, ал эми 80 миң адамдыкы жараксыз болуп чыкты",- деди Шаикова.

Андан сырткары азыр Бишкек жана Ош шаарларында "Паспорт" автоматташтырылган тутуму ишке киргизилип, иш кыйла так жүрө баштаганы белгилүү болду. Мындай заманбап жабдуулар жарандарга паспорт берүү жаатындагы мыйзамсыз жосундарга жол бербейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: