Өлкө Евразиялык экономикалык союзга киргенде "мигрант" деген сөз кыргыз жарандарына карата колдонулбайт
"Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга киргенде "мигрант" деген түшүнүк кыргыз жарандарына карата колдонулбайт. Анткени кыргыз жана орус жарандары бирдей укуктарга ээ болушат". Мындай пикирин бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси А.Мзареулов айтты.
Анын айтымында, өлкөнүн ЕАЭСке кириши менен эмгек мигранттарынын агымынын жогорулашы күтүлүүдө. "Кыргыз жарандары орус тилинде сүйлөй алгандыгынан жана билимдүү болгондугунан орусиялык коомчулук менен оңой мамиле түзүшүүдө",- деди кеңешчи.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
-1

