super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчынын 2014-жылы адам укуктары боюнча аткарган ишинин жыйынтыгын кароо кийинки жумага жылдырылды

 

Акыйкатчынын 2014-жылы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө отчётун кароо кийинки жумага жылдырылды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин 28-апрелдеги отурумунда кабыл алынды.

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, отчётту жылдырууну суранууга Эсептөө палатасынын текшерүүсү себеп болду. "Адам укуктары боюнча маалымат даяр. Бирок Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыктары менен биргеликте толук маалымат берүүнү туура көрүп жатабыз",- деп түшүндүрдү акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: