Бишкекте "Манас" эпосу тууралуу эмгектерди жайылтуу максатында көргөзмө-сынак өтүүдө

Бишкекте "Манас" эпосу тууралуу эмгектерди көбөйтүү жана элге жайылтуу максатында “Манас ааламы-2015” аттуу көргөзмө-сынак өтүүдө. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка живопись, графика, станоктук скульптура жана декоративдүү колдонмо өнөрү жаатындагы чыгармалар кабыл алынат. Орундар чыгарманын маани-маңызы, композициялык чечилиштери жана аткаруучулук чеберчиликтери боюнча аныкталат. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, алдынкы 3 орунга ээ болгон чыгармалар 5 жыл аралыгында “Манас ааламы” көргөзмө-сынагынын галереясында сакталат жана убагы келгенде авторуна кайтарылып берилет.
Чыгармалар Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде апрель айынын аягына чейин кабыл алынып, көргөзмө 7-майдан 21-майга чейин өткөрүлөт.

