Жалал-Абад. Июнь окуясында көз жумган милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган самбо мелдеши өттү







Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган самбо боюнча Ички иштер министрлигинин биринчилиги өттү. Анда спортчулар спорттук самбо жана күжүрмөн самбо боюнча 6 салмакта өз ара кармашып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 28-апрелде кабарлашкандай, мелдешке ички иштер органдарынын бөлүктөрүнөн түзүлгөн 12 команда катышты. Спортчулардын жалпы саны 75ке чукулдады.
Мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду ИИМдин Борбордук аппараты багындырса, 2-орунду Чүй ОИИББинин курама командасы, 3-орунду ИИМдин атайын багыттагы полкунун курама командасы ээледи. Жеңүүчүлөр ИИМдин кубогу, медалдар, грамота жана атайын белектер менен сыйланышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.