super.kg logo

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү семинар-тренингдер Баткенде да уюштурулду

 

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү семинар-тренингдер Баткенде да уюштурулду. Муну КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, мекеменин алдындагы Окуу-маалымат борбору жыл башынан бери жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш кагаздарын кыргыз тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү семинар-тренингдерди өткөрүүдө. Буга чейин аталган семинар Чүй аймагында уюштурулуп келсе, эми кезек алыскы аймактарга келип, Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорунда болду. 

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору Айнура Исманкулованын билдирүүсүнө караганда, окутуу тажрыйбалуу методисттер тарабынан иштелип чыккан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүүчү заманбап окуу куралдары жана электрондук окуу каражаттарын колдонуу менен өттү. Программада бекитилгендей, 24 сааттык окутуу жүргүзүлүп, Кадамжай районунан катышкан 69 кызматкер жана Лейлек районунан 70 кызматкер тастыктамага ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.04.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде не кылат кыргыз тилинде иш кагаздарын жазууга уйротуп, бишкек эле билбейт кыргыз тилин
29.04.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектиктерди үйрөтүш керек мындайга, Бишкекте кыргызча жазышпайт иш кагаздарын.

Же болбосо, тишибиз азырынча Баткенге эле өтөбү?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: