Жалал-Абад. Мектептерде окуучулардын патриоттук сезимин ойготкон бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө
Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучулары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына ардагерлердин үйлөрүнө барып короо-жайларын тазалап, жыйнап, көрктөндүрүүгө жардам берип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, окуучулар согуштун катышуучулары жана оорукта күнү-түнү эмгектенген ардагерлер менен жолугушуу өткөрүп, аларга белектерин тартуулашууда.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Маданованын айтымында, Ата Мекенди коргоого үндөө максатында тарбиялык сааттар, эссе, дил баян, көркөм окуу боюнча сынактар өттү. Ошондой эле 9-Май - Жеңиш күнүн салтанаттуу белгилөө максатында ар бир мектеп, мекемелер даярдыктарын жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.