Балыкчы шаарында Чернобыль апаатынын катышуучулары эскерилип, 20 катышуучуга 2000 сомдон берилди










Жыл сайын 26-апрелде КМШнын аймагында Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине катышып, радиациянын залалынан ар кандай дарттарга кабылып көз жумгандарды эскеришет. Бул салтты улай Балыкчы шаарында Чернобыль апаатына катышкан адамдарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, апааттын кесепетин жоюуга катышкандар келишти.
Быйыл Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясындагы жарылууга 29 жыл болду. 20-кылымда орун алган ири кырсыктын кесепетин жоюуга Балыкчы шаарынан 68 адам барса, азыркы учурда 20сы тирүү калган. Ушул 20 адамдын башын бириктирип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 2000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.