super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов: "Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бийликти бекемдөө боюнча сунуштар түрткү болуп жатат"

 
Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын кеңейтилген жыйынында "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамы боюнча "Референдум жарыялоо жөнүндө (жалпы элдик добуш берүү)" мыйзам долбоорлору каралууда.
Жыйында депутат Данияр Тербишалиев депутат Феликс Куловго "Баш мыйзамды өзгөртүүгө эмне түрткү болду? Анын өзгөрүшү менен баары оңолуп кетеби? "Бул жакшы натыйжа берет" деп кепилдик бере аласызбы?" деген суроолорун берди.
Ф.Кулов өз кезегинде Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөөгө эл менен жолугушууда бийликти бекемдөө боюнча сунуштар түрткү болгонун айтты. "Баш мыйзамда кемчиликтер бар. Аларды алып салыш керек. Ал эми конституциялык мыйзамдардын аткарылышын тиешелүү мекемелер көзөмөлдөйт",- деди Кулов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: