"Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 95ке кыскартыш керек" дейт депутат Абдиев
Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын санын 95 депутатка чейин кыскартуу сунушталууда. Мындай демилгени бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын кеңейтилген жыйынында депутат Курмантай Абдиев айтып чыкты.
"Коомчулукта депутаттардын санын кыскартуу маселеси катуу талкууда. Буга бюджеттин тартыштыгы себеп болууда. Мен муну колдойм. Анткени депутаттардын азайышы бюджетке чоң жардам болор эле",- деди Абдиев.
Мындан тышкары ал конституциялык өзгөртүүлөр коом үчүн пайдалуу болушу керектигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

