super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө чечими Бакиевдерден коркуудан улам кабыл алынган"

 
"Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөө чечими Бакиевдер тарабынан реваншисттик аракеттерден коркуудан кабыл алынган",- деди Жогорку Кеңештеги фракциялардын 28-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу
Анын айтымында, ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эмес. "Бирок майда-чүйдөлөрүнө токтолбой, негизги пункттарын жазышыбыз керек. Мисалы, парламентти түзүүдө Украина жана Орусиянын тажрыйбасын алышыбыз керек. Мыйзам чыгаруучу органдын 50 пайызы партиялык тизме менен, 50 пайызы мажоритардык тизме менен түзүлсүн. Ушундай кылсак аймактардын мыкты өкүлдөрү Жогорку Кеңешке келишет",- деди депутат.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: