Ош. 8-класстын окуучуларынын арасында өткөн адеп сабагы боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды
Бүгүн, 28-апрелде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 8-классынын окуучуларынын арасында адеп сабагы боюнча олимпиада өткөрүлдү. Анда 1-орунду №31-мектептин окуучусу Хасанбаева Диана багындырды. Алдынкы үчтүккө №27-мектептин окуучусу А.Мелисова жана №50-мектептин окуучусу Аданбаева Үмүт кирди.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, аталган окуу предмети боюнча олимпиада өткөрүүнүн негизги максаты - окуучулардын адеп сабагына болгон кызыгуусун арттыруу менен өзгөчө шыктуу окуучуларды таап, аларга колдоо көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү. Ошондой эле окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүү максатында түрдүү интеллектуалдык таймаштарды уюштуруп, предметти тереңдетип окутуу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.