super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз мамлекетинин футбол боюнча жаштар курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгын баштады

 

Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу туруна даярдыгын баштады. Даярдык алкагында өтүп жаткан машыгуу сборуна 24 оюнчу катышууда. Андан соң 5-6-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында Өзбекстандын олимпиадалык курамасына каршы жолдоштук оюн орун алат.

Курамда төмөнкү футболчулар бар:

Дарбазачылар: Илим Оморов (“Алга” клубу), Андрей Шикин (“Наше пиво”), Дастан Алыбеков (“Живое пиво”), Кутман Кадырбеков (“Ала-Тоо”)

Коргоочулар: Кайрат Көлбаев, Мустафа Юсупов (“Ала-Тоо”), Бекмырза Дуванаев, Кудайберген Эшимов, Акрам Умаров (баары “Абдыш-Ата”), Санжар Шаршеев (“Дордой”), Тамирлан Козубаев, Сулейман Самарбек уулу, Аскар Салиев (баары “Алга”), Сардарбек уулу Эльдияр, Даниил Сокирченко (экөө тең “Наше пиво”)

Жарым коргоочулар: Давлятжан Баратов, Бахтияр Дүйшөбеков, Манас Карипов (“Абдыш-Ата”), Мирбек Ахматалиев, Эрмек Нусубалиев (“Алга”), Султан Момунов (“Наше пиво”), Егор Найденов, Бекжан Сагынбаев
(“Ала-Тоо”), Авазбек Откеев, Динмухаммед Таалайбеков, Элхан Темирбаев (“Дордой”)

Чабуулчулар: Абай Боколеев (“Ала-Тоо”), Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Фархат Мусабеков (“Абдыш-Ата”) 

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азиянын чемпиондугунун тандоо туру 16-24-май аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.04.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик силерге! Аллах озу колдосун. Оомин!
28.04.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кудай биздин патриот жигиттерибизге ийгилик бере көр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: