super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Рысбеков: "Кыйноолор боюнча 2014-жылы 6 кылмыш иши козголуп, 5и сотко жөнөтүлгөн"

 
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 28-апрелде Кыйноолорду, катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2014-жылкы ишинин жыйынтыгын укту.

Аталган борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында, 2008-жылдан 2015-жылга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан кыргыз мамлекетинен 11 арыз каралып чыккан. 2014-жылдын март айынан баштап Улуттук борбор тарабынан абактарга 530 күтүлбөгөн рейд уюштурулган. Жазаларды аткаруу  мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторлорунда, түзөтүү колонияларында, балдардын жатак жайларында жана психикалык мекемелерде текшерүүлөр жүргүзүлгөнү айтылды. 

"Рейд учурунда жабык мекемелерде кармалып отурган 2693 адам менен маектешүү жүргүзүлгөн. Кыйноолор менен адамгерчиликсиз мамиле көбүнчө жабык мекемелерде колдонулат. Кыйноолор боюнча жыл ичинде 6 кылмыш иши козголуп, анын бири кыскартылып, калганы сотко жөнөтүлгөн. Дүйнөлүк коомчулукта кыйноолорду жана адамгерчиликсиз мамиленин алдын алуу боюнча кыргыз мамлекети түзгөн модель үлгү катары каралууда",- деп билдирди Рысбеков.

Соңунда комитет айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Улуттук борбордун директорунун 2014-жылга карата отчётун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: