super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын абактарында камалып отурган миңге жакын кыргыз жараны эркиндикке чыгышы мүмкүн

 
Орусиянын абактарында отурган 1000ге жакын кыргыз жараны эркиндикке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу 29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу 28-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виктор Заварзиндин Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуусунда сөз болду. Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан Жеңиштин 70 жылдыгына карата абакта отурган 1000 кыргыз жаранына мунапыс берүү тууралуу мыйзам кабыл алынганы айтылды. "Биздин мигранттар үчүн бул абдан жакшы жаңылык экени талашсыз, биз бул үчүн Мамлекеттик Думадагы кесиптештерибизге ыраазыбыз",- деди Иманалиев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: