super.kg logo
  Саясат  

"Шашкасы" жок иштеген таксисттерге 3000 сом айып пул салынышы мүмкүн

 

Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында такси кызматынын ишмердүүлүгүн тартипке салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Документке ылайык, жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоо белгилеринин жок болгону үчүн айдоочуга 3000 сом администрациялык айып салынмакчы.

Буга депутат Дастан Бекешев каршы чыкты. Анын айтымында, өз үй-бүлөсүн баккан таксистке "шашканы" такпаганы үчүн аталган суммадагы айыпты салуу адилетсиз. "Жолдун каршы тилкесине чыкканы үчүн айдоочуга 1000 сом айып салынат, ал эми жөн эле "шашканы" такпаган айдоочуга айып 3 эсе жогору",- деп түшүндүрдү Бекешев.

Депутат Жусупали Исаевдин айтымында, бул долбоор жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун көздөп, таксисттердин ишмердүүлүгүн тартипке салууга багытталган.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: