super.kg logo
  Саясат  

Таксисттер патент алууга милдеттендирилсе, бюджетке 18 миллион доллар каражат түшөт

 
Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги отурумунда “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, кыргыз жериндеги такси айдоочулары патент алууга милдеттендирилет. Ал үчүн ар бир такси айдоочусу алдын ала лицензия алуусу жана патент алуусу кажет. Депутат Дастан Жумабеков демилгеге каршы экенин билдирди. "Биз таксисттерди патент алууга мажбур кылып койсок, алар да эртең тарифтерди көтөрүшөт. Айланып келип эле экономикалык абалга кептелип жатат",- деди Жумабеков. Жыйында өкмөт өкүлдөрү мыйзам долбоору ишке кирип калса, мамлекетке жылына 18 миллион доллар каражат түшөрү пландалып жатканын билдиришти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: