super.kg logo
  Саясат  

Айыпталуучу Олег Ребенок "7-апрелде мен эч кимге жардыргыч зат берген эмесмин" деди

 
7-апрель окуясы боюнча Бишкекте өтүп жаткан сот отурумунда айыпталуучу Олег Ребенок жактоочулардын анын кайсы бир адамга жардыргыч зат бергендиги тууралуу суроосуна мындайча жооп берди. "Мен 7-апрелде Бердикожоевге эч кандай жардыргыч зат берген эмесмин. Аталган адамды тааныбайм дагы, бул айтканымды далилдей турган фактылар бар. Биз Ак үйгө саат 17:00дө келгенбиз. Ал эми сот ишинин материалында окко учкандар саат 17:00гө чейин болгону жазылып турат. 7-апрелде менин колумда МС-13 үлгүсүндөгү ийинге таяп атуучу курал жана Калашников автоматы бар болчу",- деди "Альфа" атайын даярдыктагы аскердик бөлүктүн мурдагы кызматкери Ребенок.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: