super.kg logo
  Саясат  

Эки эл аралык банктын Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүгө 210 миллион доллар бөлүп бериши күтүлүүдө

 

Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин II фазасын калыбына келтирүүгө 210 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү макулдашууга 2014-жылы кол коюлган. "Бул макулдашуу Токтогул ГЭСиндеги ар бир агрегаттын кубаттуулугун 60 мегаваттка жогорулатуу менен аны реконструкциялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Долбоордун жалпы наркы 250 миллион долларга бааланууда",- деди Турдубаев.

Мындан тышкары ал Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнү каржылоо 3 булактан бөлүнгөнүн баса белгиледи. "Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу 110 миллион доллар (анын ичинен 44,5 миллион доллары грант, 65,5 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп эсептелет). Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосу 100 миллион долларын түзөт – 100 пайыз жеңилдетилген насыя. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салыктан бошотуу түрүндө 40 миллион долларга жакын сумманы каржылайт",- деп түшүндүрдү Турдубаев. 

Жыйында 2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: