super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Турдубаев "быйыл Токтогул суу сактагычынан суу уурдалбайт" деди

 
"Токтогул ГЭСинин жабдуулары бузулбайт" деп бүгүнкү күндө эч ким кепилдик бере албайт",- деп билдирди парламенттин 29-апрелдеги жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев. Министрликтин башчысы ГЭСтин жабдуулары эскирип бүткөнүн айтат. "ГЭСтин жабдуулары 25 жылга ылайыкталган. Андагы жабдуулар өзүнүн жарамдуу мөөнөтүнөн кескин өтүп кетти. Биз тез-тезден текшерүү жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салып турган үчүн ГЭС үзгүлтүксүз иштеп жатат",- деп билдирди Турдубаев. 
Министрдин милдетин аткаруучу ГЭСтен быйыл суу уурдалбай турганын, анткени суунун агымын көзөмөлдөө үчүн видеокамералар иштеп жатканын белгиледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: