super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын дагы бири каза болду

 
Казакстандагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын дагы бири каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Маалым болгондой, 1971-жылы туулган Тайырбек Сейитбеков кечээ, 28-апрелде Бишкек шаарындагы ооруканада оор жаракатынан улам көз жумган. Кырсыктан жаракат алган Майрамбек уулу Самат менен Темирлан Токторбаев учурда ооруканада жатканы кабарланды. 
Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн 15 жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде кыргыз мамлекетинин 19 жараны болгон. Учурда кырсыктан каза болгондордун саны 18ге жетти (Газель-2705 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кошкондо). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.04.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуштар ий журогум ооруйт,жаткан жерлери жайлуу болсун.Кор оокаттын айынан дааа.
29.04.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көбүнчө айдоочуда күнөө болот да, уктап кетип. Анын үстүнө адамдарды да арзан жол киреге биринин үстүнө бирин алып алышат. Мынаке ошонун кесепети.
29.04.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннатта болсун Аллахым куноолорун кечирсин
29.04.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадан иштеп кайткан адамдар экен арасында Баткенден Рават айылынын тургуну каза болуптур байкуш бала чакасы АТАМ келейтат деп кутуп жатышкан эле дама....
29.04.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун топурагы торко болсун арасында Ноокат районунанда бар экен экен эле уйбулосуно Аллах сабыр берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: