Панфилов райондук жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн жетекчиси жана адиси пара алып жаткан жеринен кармалышты
Панфилов райондук жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн жетекчиси жана адиси пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Коррупцияга каршы кызматына Т.М. аттуу жаран кайрылган. Анда ал аталган райондогу Жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн жетекчиси С.Т. эки баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, пара алып жаткан жеринен бөлүм жетекчиси С.Т. жана адис Б.Г. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.