super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды

 

29-апрелде Жогорку Кеңеште инвестицияларды колдоого жана коргоого, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташтык алакаларды арттырууга, визалык жеңилдиктерди берүүгө, эл аралык жүк ташуу шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып, добуш берүүгө жиберилди. Алар төмөнкүлөр:

- “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – өкмөт, 12.12.14төгү №702 токтом; Эл аралык иштер боюнча комитет, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет караган)

- “Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик жүк ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: