Бишкекте интернет жана маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагы боюнча КИТ-2015 форуму өтүүдө
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-апрелде маалымат-коммуникациялык технологиялар жана интернет тармагы боюнча КИТ-2015 форумуна катышты.
Оторбаев программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар эч кандай төлөмдөрсүз, легалдуу иштеп башташы үчүн өкмөт жогорку технологиялар банкы боюнча нормативдик база иштеп чыкканын айтты. "Тилекке каршы, азыркы учурда мындай демилге начар өнүгүүдө. Жогорку технологиялар банкы бизге кандайдыр бир машина, жабдуу же кеңсе болушу үчүн эмес, тармакта иштеген программисттер жана интеллектуалдардын мамиле куруу аянтчасынын болушу үчүн керек",- деди Оторбаев.
Айта кетсек, форумда кыргыз жериндеги акыркы жетишкендиктер (аталган тармак боюнча), социалдык мааниге ээ жаңы, ийгиликтүү долбоорлор талкууланат. Өлкөдө интернет жана маалымат-технологиялар тармагына салым кошкон жарандардын эмгеги белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Аракет кылабыз.