super.kg logo

Баткенде катуу шамалдан зыянга учураган турак жайлардын ээлерине шиферлер таратылууда

 

Бүгүн, 29-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек району жана Сүлүктү шаарындагы катуу шамалдан зыянга учураган турак жайлардын ээлерине 695 даана шифер бөлүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, шиферлер Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 2 КамАЗ автоунаасына жүктөлүп, кечээ, 28-апрелде Баткен облусунун Исфана шаарына  жеткирилген.

Айта кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында 26-апрелде саат 01:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен 2690 даана асбест шифер жана 66 даана темирден жасалган шифер зыянга учураган, келтирилген материалдык чыгым 1 миллион 633 миң 20 сомду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: