super.kg logo

Сокулук районундагы Орок айылынын башчысы айыл тургунун сабап салды

 

Сокулук районундагы Орок айылынын башчысы Андаш Таргылов эки баласы менен кошулуп 21 жаштагы айыл тургуну Бексултан Керимбековду сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 29-апрелде өзүн Бексултандын агасымын деп тааныштырган Райымжан аттуу жаран билдирди. Анын айтымында, ур-токмокко кабылган Бексултандын мээси чайкалып, тиштери сынып калгандыктан, учурда ооруканага жаткырылды. Окуяга күбө болгонун айткан агасы айыл башчы өзүм билемдик кылып, мыйзамсыз жайга дүкөн курууга ашыгып, ушул ишке барганын билдирди.

“Менин үйүмдүн жанында тротуар салуу үчүн калтырылган жер бар. Мына ошол жерге Таргылов дүкөн салууда. Бул жерге курулуш жүргүзүүгө өзүнүн уруксат кагазы жок жана салууга мүмкүн эмес экендигин менден жакшы билет. Ал эми бул жер менин үйүмдүн жаны болгондуктан, “Эмнеге салып жатасыз? Салбаңыз” десем, “Сен кимсиң, кайдан келгенсиң? Керек болсо бул жактан кууп жиберем же атып салам!” деп коркутууга аракет кылды. Анысы аз келгенсип үйдү тегеретип суу алып өттү. Суу дубалга тийип, дубалды көчүргөнү калганда токтууну талап кылдым. Бирок бизге моюн сунбай, инимди сабап салды. Азыр инимдин тиштери сынып, катуу ооруганынан ооруканада жатат. Дарыгерлер баланын мээси чайкалып калганын айтышты.

Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылсам, алар “бала ооруканадан чыккандан кийин карайбыз” деп коюшту. Ал эми бүгүн кайрадан Каттоо кызматынын адистерин алып келип, айыл башчынын жасап жаткан ишин көрсөттүм. Алар бул жайга дүкөн салууга болбой турганын Таргыловдун өзүнө айтып кетишти. Эгерде Таргыловго чара көрүлбөсө, биз башка кадамга барабыз”,- деди Райымжан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.04.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым ушул кантип болсун бир чара коруш керек го
29.04.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай иштер буга чейин болуп келди эми мындан кийин да боло берет анткени мыйзам такыр иштебей калган, чечуунун бир гана жолу калган кээ бир жарандар акыйкат таппай чыркырап калганда ошондой жол м.н чечип калышты
29.04.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда бийлик турганда ээлеп алайын дегенго силерда айыл окмоттун тишин тазалап койгула
29.04.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... айыл башчыны.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-30 12:36:28
30.04.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meli12 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
29.04.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутундой бир айыл ишеним артып Айыл башчылыкка татыктуу адамдын иштеген иши жакшы эмес! Зан алдында оз жоопкерчилигин тартсын, б.а. жооп берсин!
29.04.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооооп кеткенго!органдардын кийин текшеребиз дегени жакпады оозу майланганго сыягы!
29.04.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кыргызга бийлик бербей эле кой да,эки кишиге эле старший кылсан дардандап кудайды тааныбай кетет. Айыл башчы ушуну кылып жатса аким,губернатор, министр,депутатын карапайым элди жан деп деле эсептебейт экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: