Жогорку Кеңеш: Коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке Темир Сариевди жактырды

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке Темир Сариевди жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына депутат Феликс Кулов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги бардык фракция лидерлери Т.Сариевдин талапкерлигин колдошту. "Сариев биринчи күндөн баштап өкмөт башчынын милдеттерин аткара алат. Анткени ал өкмөттүн курамында болгонунда бардык экономикалык маселелерди чечүүгө катышып келген. Мындан тышкары талапкер парламенттик шайлоого катышпоого макулдугун берди",- деди Кулов.
Айта кетсек, 24-апрелде Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматынан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
4

