2015-жылдын 3 айында жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо боюнча 67 647 документ түзүлдү
Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын январь-мартында жарандардын кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоо боюнча 67 647 документ катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 пайызга аз экени айтылды. Кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу боюнча 13 984, мүлктү күрөөгө коюу боюнча 12 191, ижарага берүү боюнча 856, мүлктү белек кылуу боюнча 5514, мүлктү мураска калтыруу боюнча 4368, мүлктөрдү алмашуу боюнча 94 документ түзүлдү.
Нотариустун күбөлөндүрүүсү талап кылынбаган шартта 12 168 макулдашуу орун алганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

