super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Темир Сариевге Бишкектин мэринин ишин катуу көзөмөлгө алууну жана "Кумтөр" маселесин чечүүнү тапшырды

 

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлиги каралып жатат. Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев Сариевге бир топ маселелерди чечүүнү тапшырды.

"Биринчиден, "Кумтөр" маселесин чечүү зарыл. Экологияга келтирилген зыянды аныктоочу усул жок экен. Ушул усулду 1-2 ай ичинде кабыл алып, зыяндын көлөмүн аныктап, эл аралык соттор аркылуу утсак деген үмүттөбүз",- деди Текебаев.

Андан соң Текебаев Бишкектин мэриясы тууралуу пикирин айтты. "Мэрия жаман иштеп жатат" деген нааразычылыктар айтылууда. Бишкекте калк жыш жайгашкан. Бишкектин жетекчилиги коопсуздук,  тазалык жактан начар иштеп жатат. Ошондуктан өкмөт башчы бийликтин вертикалы бар экенин көрсөтүшү керек. Шаар мэринин ишин көзөмөлгө алуу зарыл",- деп талап койду Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: