Талант Давлетбаев: "7-апрелде ок тийген адамдарга жардам берейин деп чуркап бара жатсам, мага ок тийди"
7-апрель окуясынын жабырлануучусу Талант Давлетбаев сотто суралып жатып буларды билдирди: "7-апрель күнү саат 9:00дө Бишкектеги Алматы көчөсүнөн бизди милиция кызматкерлери кубалай башташты. Ошол убакта бизге Горький көчөсү тараптан бир топ эл келип кошулду. Кыймыл "Ала-Тоо" аянтына келгенде, болжол менен саат 12:00 -13:00 чамасында аскерлердин тизилип турганын көрдүм. Анан ал аскерлер митингге чыккан элди кубалай башташты. Ал убакта элдин саны 10 миңдей болчу. Эң алгач эл тараптагы унаалардын айдоочуларына ок атылды. Андан соң элге ок атыла баштады. Ок тийип жыгылгандарга жардам берейин деп чуркасам, бел жагыма, бутумдун үстүнө ок тийди". Соттук отурум уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
asel.kgz

20.02.2013. 07:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайын еле озун аткан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.