super.kg logo
  Саясат  

Нарындагы Кум-Дөбө айылынын тургундары "акчаны жашырып жатат" деп айыл өкмөт башчысына нааразы

 

"Кытай компаниясы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагында таш кенин иштетүүдө. Жергиликтүү тургундар айыл өкмөт башчысы менен айылдык кеңештин депутаттарына нааразы. Алар кытай компаниясынан түшкөн социалдык пакеттеги каражатты өздөрү билгендей пайдаланышууда". Мындай пикирди депутат Майрамкүл Тиленчиева Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында билдирди.

"Мыйзамга ылайык, кен иштеткен ишкана тапкан кирешесинин 2 пайызын социалдык пакет катары жергиликтүү өнүктүрүү фондуна берүүгө тийиш. Бирок айыл өкмөтүнүн башчысы анын өлчөмүн айыл аймагында жашаган калктан жашырып, айылдык кеңештин айрым депутаттары менен бирге өздөрү билгендей пайдаланып келет. Алар канча каражатты кайсы багытта жумшап жатканын эч ким билбейт. Укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш",- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: