Жогорку Кеңеште министрликтердин санын кыскартуу маселеси каралат
Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында аталган комитеттин төрайымы, депутат Наталья Никитенко билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, отурумда өкмөттүн структурасы жана түзүлүшү боюнча маселе каралат. Жыйында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев өз баяндамасы менен чыгат.
Айта кетсек, 2015-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, 15 министрликтин тогузун гана калтыруу сунушталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

