Өмүрбек Текебаев: "Тынчтык митинги чектен чыгып бара жатса, уюштуруучулар өздөрү токтотушу зарыл"
Бүгүн, 19-февралда "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто күбө катары суралган депутат Өмүрбек Текебаев депутаттар Ак үйгө курал-жарак алып киргенде эч ким текшербей тургандыгын айтты. "Жогорку Кеңештин имаратына тапанча менен кирүү - бул адамдын ниетин билдирбейт" деди депутат. Ошондой эле жактоочу Азиза Абдрасулованын "тынч митинг ызы-чууга айланып бара жатса, аны ким токтотуш керек?" деген суроосуна эл өкүлү: "Укук коргоо органдары эскертүү бериш керек, андан да ашып бара жатса, уюштуруучулар өздөрү токтотконго аракет кылуусу зарыл",- деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















