super.kg logo
  Саясат  

Алыскы айылдарды экономикалык жактан өнүктүрүү максатында салыктын үч түрүнөн жеңилдик берилет

 

30-апрелде Жогорку Кеңеште алыскы айылдарды экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Ал үчүн КРнын Салык кодексине жана "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, шарты катаал, коммуникациясы начар, алыста жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө максатында бир катар мыйзамдарга “преференциялуу аймактар” деген жаңы түшүнүктү киргизип, ошол аймактын өзүндө катталган ишканаларга киреше салыгы, мүлк салыгы, жер салыгы жаатында жеңилдиктерди кароо демилгеси сунушталууда.

Баяндамачы салык жеңилдиктерин берүү критерийлери иштелип чыгып, ага туура келген аймактардын тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан такталарын билдирди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: