super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн жаңы курамын жактырды

 
Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин колдоду. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын да жактыруу чечимин кабыл алды. 
Жыйында Т.Сариев өкмөттүн курамын төмөнкүдөй сунуштады:
Биринчи вице-премьер-министр - Тайырбек Сарпашев
Күч блогу боюнча вице-премьер-министр - Абдырахман Маматалиев;
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Валерий Диль
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Дамира Ниязалиева;
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - Нурханбек Момуналиев;
Тышкы иштер министри - Эрлан Адбылдаев;
Коргоо министри - Абибилла Кудайбердиев;
Ички иштер министри - Мелис Турганбаев;
Юстиция министри - Жылдыз Мамбеталиева;
Каржы министри - Адылбек Касымалиев
Экономика министри - Олег Панкратов;
Айыл чарба жана мелиорация министри - Таалайбек Айдаралиев;
Транспорт жана коммуникациялар министри - Аргынбек Малабаев;
Өзгөчө кырдаалдар министри - Кубатбек Боронов;
Энергетика жана өнөр жай министри - Кубанычбек Турдубаев;
Билим берүү жана илим министри - Эльвира Сариева;
Саламаттык сактоо министри - Талантбек Батыралиев;
Маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максүтов;
Социалдык өнүгүү министри - Кудайберген Базарбаев;
Эмгек, миграция жана жаштар министри - Айбек Азыранкулов;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы - Бусурманкул Табалдиев.
Эскерте кетсек, кечээ коалициялык көпчүлүк Т.Сариевди өкмөт башчы кызматына жактырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: