super.kg logo

Эксперт: “Электр станциялар” ишканасы Казакстанга электр энергиясын сатып, мамлекетке 35 миллион сомдон ашык зыян келтирди"

 

“Электр станциялар” ишканасы Казакстанга электр энергиясын сатып, мамлекетке 35 миллион сомдон ашык каражатка зыян келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында эксперт Расул Үмбөталиев билдирди. Анын айтымында, былтыр “Электр станциялар” ачык акционердик коому Казакстанга 0,001 центтен же 5 тыйындан 126 миллион 40 миң киловатт-саат электр энергиясын экспорттогон.

1 киловатт-сааттын минималдуу баасы 2013-2014-жылдары 4 центтен деп коюлган. Эгер биз электр энергиясын 4 центтен экспорттогондо 5 миллион доллар же 250 миллион сом алмакпыз. Бирок андай болгон жок, мага келген так маалыматка ылайык, ушул кышкы мезгилге Казакстандын Жалбыз ГЭСинен 5 сом 61 тыйындан 126 миллион 40 миң киловатт-саат электр энергиясын сатып алдык. Мунун жыйынтыгында 707 миллион 84 400 сом зыян тарттык. Бул сумма элибиздин моюнуна илинди. Ошонун айынан жарыкка болгон тарифтер өстү”,- деди эксперт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: