super.kg logo

Орусиянын Павловск шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Мамат Баймурзаевдин сөөгү табылды

 

Орусиянын Пушкин районундагы Павловск шаарындагы Боордоштор көрүстөнүнөн Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Мамат Баймурзаевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу депутат Курманбек Осмонов 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, Мамат Баймурзаевдин жакындарын табуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында бул маалыматты жарыялоо зарыл экенин белгиледиЭл өкүлү жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин атасынын согушта курман болгон бир тууган агасынын мүрзөсү да табылганын кошумчалап, буларга токтолду: "Орусия аймагынан азыркыга чейин кыргыз жеринен барып, согушта курман болгон жоокерлердин сөөгү табылууда. Биз Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин сөөгүн издөө иштерин мындан ары да уланта беришибиз керек".

Ал эми депутат Эристина Кочкарова анын дарегине Санкт-Петербург шаарындагы аналитикалык борбордон кыргыз жеринен барып, дайынсыз болуп келген 40 жоокердин аты-жөнү фин тилинен орус тилине которулганы жана алардын өздүгү аныкталганы тууралуу кабар келгенин айтты. "Биз Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ар бир кыргыз жоокеринин дареги аныкталганга чейин издөө иштерин токтотпоого тийишпиз",- дейт Кочкарова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
30.04.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эристина Кочкарова деген дагы депутат барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: