super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштогу сел боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага кат жолдоду

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы сел боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага кат жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-апрель күнү саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан катуу сел жүрүп, айрым жерлерде арыктардын тазаланбагандыгынын кесепетинен турак жайлар менен медициналык мекемелер, мектептер жана балдар бакчалары зыянга учураган. 

Ош шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тактоо-иликтөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып, өз иштерине шалаакылык менен мамиле жасаган айрым жетекчилерге чара көрүүнү суранып Ош шаардык прокуратурасына кат жөнөттү.

Катта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык аймагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 13-мартындагы №23-9495 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 26-февралындагы №106-б буйруктарын аткарбай, тактап айтканда, өздөрүнүн аймагындагы арыктарды тазалабагандыгынын кесепетинен Ош шаарынын айрым аймактарын суу каптап кеткендиги айтылат. Мисалы, Ош шаарындагы №2-стоматологиялык бейтапканасынын жер төлөсүн сел суулары каптап, 281 721 сомдук материалдык чыгымдарга учураткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: